Америкалык фармацевт Сьюзи Коэн өзүнүн жеке сайтында D витамининин жетишсиздигинин адаттан тыш белгилеринин тизмесин жарыялады.

Дарыгер бул витаминдин жетишсиздиги менен безеткилердин, жүрөктүн аритмиясынын, кан басымынын жогорулашынын, көздөн жаш агуусу, чарчоонун, ичегинин дүүлүгүүсүнүн, дененин оорушу, булчуңдардын алсыздыгы, когнитивдик функциялардын төмөндөшү, нейропатия, аутоиммундун күчөшү сыяктуу оорулар пайда болоорун белгиледи.

Ал D витамининин жетишсиздигинин башка белгилерин кандагы канттын көп болушуна, теринин тез-тез ысып кетишине, эректилдик дисфункцияга, заара чыгаруучу көйгөйлөргө, какачка жана кайгы-капага дуушар кылгандыгы менен түшүндүрдү.

Коэн Д витаминине бай азыктарды көбүрөөк колдонууну жана дарыгерден кеңеш алгандан кийин башка да витаминдерди ичип турууну сунуштады.