Израилдин Clothespin компаниясы жана жергиликтүү сүрөтчү Zygo Дубайда кийим кыпчыткычтын формасында асман тиреген имарат курууну чечишти. Пландалгандай, структура Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) жана бүткүл дүйнөнүн ортосундагы үмүт, тынчтык жана сүйүүнү билдирет. Бул тууралуу долбоордун автору Gulf News басылмасына айтып берди.

Сүрөтчүнүн айтымында, көп кабаттуу курулуш  бийиктиги жана архитектуралык компоненти менен көңүлдү өзүнө бурат. Бирок Зиго кадимки үй буюмдарынын формасын колдонуп, “эки жарым бири-бирин толуктап, идеалдуу биримдикти түзө алат” деген философиялык идеяны билдирүүнү чечти. Ал асман тиреген имаратты эң ири көркөм чыгарма деп эсептейт.

Объекттин курулушун 2023-жылы баштоо пландалууда. Учурда курулушчулар Дубайдагы подрядчиктер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ылайыктуу жер издеп жатышат. Долбоор боюнча, мунара эки бөлүктөн турат. Алардын бири 1200 бөлмөлүү мейманкана, экинчиси 300 кымбат батирлүү турак жай комплексине айланат. Ошондой эле кеңселер, соода борборлор, заманбап көркөм галерея, ресторандар, фитнес борбору жана курорттук жабдыктар орун алаары болжолдонууда.