Өкмөткө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкевв Facebook социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырды:
«Достор, барсынарбы?
Чё та башкача кетип баратат… Финполду Эл колдойт, Финпол элге иштейт.
Жумалиев 100 млн. сом жана Инвестордун 800 мин долларын бир күндө өкмөткө коём, балдарымды чыгарып бер дегенинен биз аз андан көбүрөк болсун деп болбой койсок Первомайский сот чыгарып салды. Бюджетке бир тыйын төлөгөн жок. Балдары камактан чыгып кетти.
Достор, Финпол женилип калабызбы?
Достор кандай кылалык, оюнарды жазгылачы?» — дейт Жапыкеев.