Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2021-жылдын январында 451 жарандын кайрылуулары боюнча иштер жүргүзүлдү, алардын ичинде:

— Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар — 382;

— Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар — 40;

— «Ишеним телефондору» аркылуу кайрылган жарандар — 29 түздү.

Жазуу жүзүндө (электрондук) келген бардык 382 кайрылуулардын 375и Президенттин Аппаратына, ал эми калган 7 кайрылуу  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түштү.

Президенттин Аппаратына келип түшкөн 375 кайрылуулардын 239у (же 63,7%) көзөмөлгө алынды, алардын 37си аткарылды (15,5%), 202 жарандын кайрылуулары (84,5%) аткарылууда.

Ал эми, 136 кайрылуулар (36,3%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түшкөн бардык 7 жазуу жүзүндөгү кайрылуулар (100%) көзөмөлгө алынып, алардын 2 (28,6%) аткарылды, ал эми 5 арыз (71,4%) аткарылууда.

382 кайрылууну региондор боюнча бөлгөндө, эң көп арыздар, дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан — 146 (38,2%) келип түштү. Ал эми, Чүй областынан — 65 (17,0%), Ош областынын жана Ош шаарынын жашоочуларынан — 39 (10,2%), Жалал-Абад областынан — 56 (14,7%), Ысык-Көл областынан — 31 (8,1%), Баткен областынан — 13 (3,4%), Нарын областынан — 13 (3,4%), Талас областынан — 9 (2,4%), КМШ жана башка өлкөлөрдөн — 10 (2,6%) жарандын кайрылуулары катталды.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары тематикасы боюнча негизинен 6 багытта болду:

— соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча –

149 кайрылуу (39,0%);

— мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча — 57 (14,9%);

— саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча — 24 (6,3%);

— турак-жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү боюнча — 20 (5,2%);

— социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, пособие, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча — 18 (4,7%);

— кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди берүү жана ссудаларды бөлүү (төмөнкү пайызда же пайызы жок) — 12 (3,1%) кайрылуу.

Ал эми, калган 102 жарандардын кайрылууларында (26,7%) социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган.

2021-жылдын январь айында President.kg расмий веб-сайтына республиканын бардык региондорунан, КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет мамлекеттерден жарандардын 107 (28,0%) электрондук кайрылуулары келип түштү, анын ичинде:

  • Бишкек шаарынан — 28 (же 26,1%);
  • Чүй областынан — 22 (20,5%);
  • Ош областынан жана Ош шаарынан — 20 (18,7%);
  • Жалал-Абад областынан — 12 (11,2%);
  • Ысык-Көл областынан — 7 (6,5%);
  • Талас областынан — 7 (6,5%);
  • Баткен областынан — 1 (1,0%);
  • Нарын областынан — 1 (1,0%);
  • КМШ жана башка өлкөлөрдөн — 9 (8,4%).

Аталган мезгилде Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамалары аркылуу 40 жаран кабыл алынды, анын ичинде Бишкек шаарында — 12 (30,0%), Ош шаарында — 28 (70,0%), «ишеним телефондору» аркылуу 29 кайрылуу түшүп, алар боюнча тиешелүү кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди.