2021-жылдын январь айында бюджеттин киреше бөлүгү 12,5%га ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.

Новиков бардык социалдык милдеттенмелер жана айлык акылар толугу менен каржыланганын айтат.

«Январь айында социалдык маселелер, башка тармактар боюнча карыздар жок. Андан сырткары, февраль айына да бир аз резерв бар. Февралда социалдык көйгөйлөрдү ишке ашыруу боюнча көйгөйлөр болбойт», — деди ал.

Новиков 2020-жылдын январь айында бажыда импорттун көлөмү 96 миң тоннаны түзүп, жалпы 2 миллиард сом салык чогултулгандыгын белгиледи. Ал эми быйыл пандемия, чек аранын жабылышына жана чектөөлөргө байланыштуу импорттун көлөмү 60 миң тоннаны түзгөн, бирок 2 миллиард сомго жакын салык чогулган.