Саламаттык сактоо мекемелеринин материалдык техникалык базасын чыңдоо максатында, Ислам банктын COVID-19 долбоорунун алкагында, Баткен облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна 9 тез жардам унаасы берилди.Бул туууралуу  КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

Тез жардам унааларын Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов тапшырып, саламаттыкты сактоо тармагынын материалдык техникалык базасынын чыңдалышы, жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүгө өбөлгө болоорун белгиледи. Ошондой эле алдыда, тез жардам унаасына болгон муктаждыкты жеңилдетүү аракеттери уланаарын кошумчалады.

Бүгүнкү атайын техникалар Баткен районунун Таян,Бужум, Кадамжай районунун Марказ, Халмион, Лейлек районунун Тогуз-Булак, Катыраң, Айдаркен шаардык жана Сүлүктү шаардык үй бүлөлүк медицина борборлоруна тапшырылды.

Бүгүн тапшырылган техникаларды эсепке алганда облуста тез жардам унааларынын саны 53тү түздү. Бирок дагы деле муктаждык бар. 2020-жылы облуска мамлекет тарабынан 8, демөөрчүлөрдүн эсебинен 9 тез жардам унаасы алынган.