2021-жылдын 31-январь күнү Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери мурда бир нече жолу уурулук фактысы менен соттолгон Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылынын тургунун 27 жаштагы К у С. Менен 16 жаштагы 2 шериги менен бирге кармашты. Алар жарандардын турак-жайларына киришип уурулук жасаганга шектелүүдө.
2020-жылдын 22-декабрь күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Медресе айылынын тургуну 1972-жылы туулган А.М.Б. өзүнүн жеке турак үйүнө белгисиз жарандар мыйзамсыз кирип, үйүнүн ашканасында илинип турган “LG” үлгүсүндөгү 36000 (отуз алты миӊ) сомдук түстүү сыналгысын уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факт Кара-Суу РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-бер., 2-бөл., 3-п., менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул кылмыштын бетин ачуу боюнча Кара-Суу РИИБинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан тийиштүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында аталган кылмыштын бети ачылып, кылмышка шектүүлөрдүн изине чыгышкан.
Кармалган шектүүлөрдүн экөөсү жашы жете элек болгондуктан үй камагына чыгарылып, 27 жаштагы К. у. С. 2021-жылдын 31-январь күнү Жазык-процессуалдык кодексинин 98-бер. негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген,
2021-жылдын 2-февраль күнү К. у. С.тын бөгөт кою чарасы катары Кара-Суу райондук сотунун чечими менен 2021-жылдын 28-февраль күнүнө чейин камакка алынган. Учурда К. у. С.нын Кара-Суу районунун аймагында беш уурулук фактысына катыштыгы бар экендиги такталган жана тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы