Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Аталган жетекчи мамлекеттик жогорку кызмат орундарды ээлеген аткаминерлер жана коммерциялык уюмдун өкүлдөрү менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, өзүнө жана башкаларга мыйзамсыз материалдык пайда табуу максатында, ыйгарым укуктарын мамлекеттик кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланып, байланыш операторуна телекоммуникация жана мааалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензияны берип жиберген.
Ошол эле учурда, ушундай эле радиожыштык спектри 298 млн 803 миң сомду түзүп сатылгандыгына карабастан жогорудагы берилген лицензиянын баасы болгону 1000 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.
Маалыматка ылайык, 1-февралда Аскер прокуратурасы тарабынан ал жогоруда айтылган кылмышка шектелип кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган ишке тиешеси бар башка жагдайларды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө аракеттери улантылууда.
Булак: Биринчи радио