“5-канал” ЖАКтын башкы директору 74 миң сом маяна алат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 3-февралда 5-каналдын башкы директору Рахат Сулайманов билдирди.

«Бүгүнкү күндө бюджеттик каражаттарды пайдаланууну оптималдаштыруу максатында каналдын жетекчилиги тарифтик сетканы кайра карап чыкты. Буга байланыштуу, чыгармачыл топ сыяктуу эле, башкаруу тобунун эмгек акысы 20дан 45% га чейин төмөндөдү. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, 2021-жылдын февраль айынан бери жетекчиликтин жана башка кызматкерлердин эмгек акысы Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде жарыялангандан кыйла аз бекитилген. Учурда 5-канал жаңы контентти түзүү үстүндө иштеп жатат », – деп жооп берди.

Сулайманов учурда анын айлыгы 40 миң сомдун тегерегинде экендигин айтты.

Буга чейин парламент депутаттары “Пирамида” медиа-холдингин жана “Бешинчи канал” ЖАКты ар бир телеканалга 20 миллион сомдон каржылоо маселесин карашкан. Талкуу учурунда Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Ильязбек Балташев 5-каналдын башкы директору 74 миң сом маяна алаарын айткан.