Аламүдүн районунда өз кызын зордуктады деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу  Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 2-февралда ички иштер органдарына Пригородное айылынын 2002-жылы туулган тургуну С.Д., аны зордуктаган атасына чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган.

Бул факт милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинде (зордуктоо) каралган кылмыштардын негизинде КЖБРге катталган.

Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери арыз ээсин суракка алышкан. Ал 1-февраль күнү саат 17:00 чамасында атасы аны эркине каршы зордуктаганын, андан кийин апасы келгенден кийин, алар милицияга кайрылгандыгын айткан. Арыз ээси кошумчалагандай, биринчи жолу анын атасы 2019-жылы 17 жашында зордуктаган.

Андан соң, бул кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Т.И. кармалган.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери Россиядан үй-бүлө январь айынын ортосунда келишкенин жана көрсөтүлгөн даректе жашагандыгын аныкташкан.

Учурда кармалган адам Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Сотко чейинки иштер уланууда.