Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын бири, педагог, котормочу, публицист, тунгуч лексикограф жана лексиколог  Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата жарыяланган 1 айлык иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясы да жигердүү катышууда.

Залкар инсандын өрнөктүү өмүр жолун жаштарга үлгү кылуу, эмгектерин, илимий мурасын жайылтуу, коомчулукту сабаттуулукка үндөө, кыргыз тилинин байлыгын даңазалоо максатында өздүк курамга лекциялар окулуп, курсанттар жана студенттер арасында дилбаяндардын сынагы онлайн түрүндө уюштурулуп, жеңүүчүлөрү чакан белектер жана грамоталар менен сыйланды. Андан тышкары,  ИИМдин Академиясынын өздүк курамынын арасында сабаттуулукту жоюу максатында жат жазуу иштери  офлайн түрүндө уюштурулуп, өткөрүлүүдө.

 

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы