КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарына көп кабаттуу үй курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, пландалган сумма 580 млн 935 миң сомду түзөт.

Техникалык спецификацияда 9 кабаттуу турак үйдүн курулушун долбоордук документтерине ылайык, 105А сериясында социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик шарттары менен баштан аяк бүтүрүү пландалууда деп айтылат.