Бүгүнкү каармандарыбыз ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Ленин районунун күзөт бөлүмүнүн 4-взводдун №463 жана №464 кармоо тобунун кызматкерлери кармоо тобунун экипаж улугу милициянын старшинасы Алмазбеков Азат, милиционер-автоматчысы милициянын старшинасы Табалдиев Бекназар, милиционер айдоочусу милициянын сержанты Бакытов Элдос жана Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн борбордук көзөмөлдөө түйүнүнүн милиционери, милициянын старшинасы Кулова Алина менен маектештик.
Борбордук көзөмөлдөө түйүнүнүн милиционери Алина айымдын айтуусунда “Мен 2020-жылдын 20-декабрында күнүмдүк ишимди кылып отурсам, саат 20:42де Күзөт кызматынын кайтаруусунда турган мекемелердин биринен дүрбөлөн баскычы иштеген. Коогалаң келип түшөөр замат Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн №463 кармоо тобу менен байланышып, чакыруу келген мекемеге жибердим. Мен аларды GPS аркылуу көзөмөлдөп, мекемеге жеткенче радио байланыш (рация) аркылуу байланышып турдум. Кармоо тобу 4 мүнөттүн ичинде жетишкен. Биздин жумуш өтө жоопкерчиликтүү болгондуктан ар бирибиз өзүбүздүн милдеттерибизди так жана милдеттүү түрдө аткарганга болгон күчүбүздү жумшайбыз”,- деди ал.

Мааламаттарды тактоо убагында, мекеменин кароолчусу саат 20:40 чамаларында ал отурган бөлмөгө жашы 25-30 жаштагы азият улутундагы белгисиз жаран кирип келип, эч себепсиз ур-токмокко алып, телефонун тартып алган. Ошол маалда ал дүрбөлөң баскычын басып калганга жетишкен.
Андан соң, кармоо тобунун экипаж улугу Азат мырза кылмыштын бетин ачуудагы жанындагы кызматташтары менен болгон ыкчам аракеттерин айтып берди, “2020-жылдын 20-декабрында №463 кармоо тобунун курамында кесиптештерим менен биргеликте нөөмөткө чыкканбыз. Кызмат учурунда саат 20:42де Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын борборлоштурулган көзөмөл түйүнүнөн Ленин райондук күзөт бөлүмдүн кайтаруусунда турган мекемелеринин биринен дүрбөлөң баскыч иштеп жатат деп коогалаң белгисин берген. Ошол замат коогалаңды алып саат 20:46 да (4 мүнөттө) жетип келдик. Айтылган дарекке жеткенибиз тууралуу бөлүмдөн нөөмөт бөлүмүнө билдирип, кире бергенде кароолчу отурган бөлмөдөн кыйкырык дабыштарды угуп, дароо чуркап барсак, кароолчу отурган бөлмөдөн жашы 25-30 чейинки азият улутундагы белгисиз жаран чуркап чыгып, качууга аракет кылган. Ошол убакта артыбыздан күзөт бөлүмдүн №464 кармоо тобу келип калды, кесиптештерим менен бирге кубалап барып, качкан жаранды кармадык, кармаган соң, нөөмөт бөлүмүнө жана өзүмдүн взвод командириме уюлдук телефон аркылуу чалып билдирдик”,- деди өзүнүн сөзүндө.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн Кармоо тобу кармалган жаранды жана кароолчуну тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук РИИБне жеткиришкен.
Маектешүүдө кесиптештерим Элдос жана Бекназар өзүнүн ишине өтө жоопкерчиликтүү караганын айтышып, ар бир “Айгай” белгисинен чакыруу келип түшкөндө, ар кандай жагдайлар болуп калышы мүмкүн, бири-бирин коргоп, ынтымакта иш алып барышканын билдиришти. “Элдин ишеничине ээ болуу, биз үчүн эң чоң дем берет, анткени элдин бизге болгон сый-урматы, көз карашы, ошондой эле мамилеси биз үчүн маанилүү”-деди Бекназар мырза өзүнүн сөзүндө.
Жыйынтыгында мекеменин ээсин чакырып, айласын, ичи-сыртын карап текшерип, кайрадан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын борбордук көзөмөлдөө түйүнүнө тапшырылды.

ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы