Жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү парламенттин трубунасынан ант берип, кызматка расмий киришти. Аземге президент Садыр Жапаров да катышты.

Улукбек Марипов  башында турган өкмөт бүгүн эле Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо тапкан. Андан бир нече мүнөт өткөндөн кийин министрлер кабинетин дайындоо тууралуу президенттин жарлыгы чыкты.

Мыйзам боюнча кызматка дайындалган өкмөт башчы жана министрлер парламенттин трибунасынан ант берет. Аны депутаттар жана президент кабыл алат. Жаңыдан бекитилген өкмөт ант бергенден кийин гана расмий түрдө кызматка киришет.

Марипов алып келген министрлер кабинетинин түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөр каралган: өкмөт мүчөлөрүнүн саны 22ден 16га чейин кыскарды. Эки вице-премьер-министрдин кызматы жоюлса, бир катар министрликтер менен ведомстволор биригет.

Өкмөттөгүлөрдүн ичинен жети аткаминер ордун сактап калды.