Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынындагы өлкөнүн жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсүнөн кийин сөз сүйлөп, ар бир министрликтин ишине коомчулук тыкыр көз салып, натыйжалуу ишти талап кылып турарын айтты.

Төмөндө өлкө башчысынын сөзү:

«Урматтуу депутаттар! Урматтуу өкмөттүн мүчөлөрү! Өкмөттүн жаңы курамынын Жогорку Кеңеш тарабынан көпчүлүк добуш менен шайланып, колдоо табышына жалпыбыз күбө болуп отурабыз.

Былтыркы жыл оор болду. Мына ушундай жагдайда өткөн жылдын октябрь айындагы окуялардан бери өлкөдөгү жалпы абалды турукташтырууда, мыйзам талаасына кирүүсүндө Жогорку Кеңеш өтө позитивдүү роль ойногондугун баса белгилегим келип турат. Себеби, силер мени бир эмес, үч жолу колдоп бердиңер. Бул үчүн мен сиздерге чын дилден ыраазымын. Силердин бүгүнкү өкмөттүн курамына колдоо көрсөткөнүңөрдү коомчулук өлкөдөгү жаңылануу жана реформа саясатына колдоо көрсөтүү деп түшүнүшүн каалаар элем.

Силердин колдооңор коомдогу ынтымакты чыңдоого болгон зор салым, мамлекетибиздин келечеги үчүн чогуу аракеттенүүнүн үлгүсү деп билем. Анткени өкмөттүн бул жолку курамынын шайланган мезгили өлкөбүздүн мындан аркы өнүгүү жолу чындап сынакка түшкөн учур менен коштолууда.

Ачык эле моюнга алуу керек, бизди оор сыноолор күтүүдө. Мен буга чейин бир нече ирет кайталап айтканымдай, биздин алдыбызда экономиканы турукташтыруунун, коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюунун, башкача айтканда, антикризистик чукул чараларды көрүүнүн кечиктирилгис милдеттери турат.

Ошол эле учурда биз экономиканы стабилдүү өнүктүрүүнүн программасын тез арада иштеп чыгып, өнүгүп-өсүштүн оң көрсөткүчтөрүн камсыздоонун пайдубалын эмитен түптөшүбүз зарыл. Биз баштаган реформалардын бир багыты — башкарууну оптималдаштыруу, башкача айтканда, эбегейсиз деңгээлге өсүп жеткен мамлекеттик-бюрократиялык аппаратты кыскартуу, кадр саясатын жаңыча жүргүзүү. Анын натыйжасында, чечимдерди маалкатпай кабыл алуу, иш кагаздарын чуркатуунун тартибин тездетүү.

Биз үчүн азыр ар бир ирмем кымбат! Башкарууну оптималдаштыруу демекчи, энергетика тармагындагы бир эле мисалды келтире кетейин.

Эксперттер менен вертикалдык интеграция моделин иштеп чыгып, аны ишке ашырууну көздөп жатабыз. Сунушталып жаткан моделдин экономикалык эффектиси 2 миллиард сомду түздү. Биз бул сыяктуу экономикалык жогору эффект берген, каражаттарды үнөмдөп сарамжал колдонууга жол ачкан реформаларды ар бир тармакта, ар бир министрликте жүзөгө ашырабыз.

Ошондуктан өкмөт мүчөлөрүнөн «Өлкөм үчүн ар бир ирмем кымбат! Андыктан Кыргыз мамлекетинин жарандарынын жакшы жашоосу үчүн кара жанды карч уруп, таза иштөө — милдетим!» деген ураанды жетекчиликке алып иштөөнү талап кылам.

Буюрса, өкмөттүн курамына жигердүү, тажрыйбалуу, чаалыгып-чарчоо эмне экенин билбей турган команда топтолду деп эсептеймин. Сөзүмдүн соңунда өкмөттүн мүчөлөрүнө чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн эстерине сала кетейин. Ар бир министрликтин жана баарыбыздын ишибизге коомчулук тыкыр көз салып, бизден натыйжалуу ишти талап кылып турат.

Ошондуктан ар бир министр реформа жүргүзүүдө бир топтун же жеке кызыкчылыктын сазына батып кетпестен, мамлекеттин гана кызыкчылыгын көздөө менен ишке ашырарыңарды суранамын. Баарыңыздардын ишиңиздерге ийгилик каалайм!».