Жыныстык пластика жөнүндө гинекологубуз менен сүйлөшүп жатып, көп айымдарга жыныстык жашоо жөнүндө маалымат керек экенин түшүндүк. Бул тууралуу косметолог Айнара Сагынбаева соцтармактагы баракчасына жазды.

Жыныстык жашоо жөнүндө медицина багыты бар-сексопатология деп аталат
Жыныстык гигиена, жыныстык маданият, эркек менен аялдын мамилеси, кумарлануу туралуу биздеги маалымат жетишсиз экен
Мен жакшы тааныш уролог-даарыгерге,бизге аябай көп келген суроолордун бирин бергем:

Эркектин мүчөсүн азыркы учурда коопсуз, эффекти өмүр бою кала турган кремби, аппаратбы, операциябы барбы?
Ал адам канча жылдан бери мырзаларды даарылап жүрөт. Жообу мындай болгон:
Чын айтканда ооба, кошулуунун алдында колдоно турган мазь, таблеткалар бар. Алар ошол моментте убактылуу чоңойтот. Дайыма чон болтурган операция-имплантация бар , эрекциясы жок болсо дагы,дайыма туруп турат. Ынгайсыз, ооба.
Ал эми вакуумдук аппараттар болгону кан жугуртууну жакшыртат
Айнур, чынга келгенде эркеке чон мүчөнү деле кереги жок. Аялды башка жолдору менен деле кумарга жеткирип, сүйдүрсө болот.
Көпчүлүк эркектер ошону түшүнбөйт. Мүчөмдү чоңойтуп алсам эле айгыр болуп калам деп ойлошот(кулду)

Биринчиден аялды сөз менен жылытып, ээритиш керек.
Экинчи дененди карап, өзүнө кам көрүп жүрүш керек.Тер жыттанып, арак сасыган эркекти ким кааламак эле?
Бул жерде тажрыйба керек, акыл керек,аялга тошоко чейин туура мамиле кылуу керек.
Анан төшөктө аялды ырахаттанткан толтура нерселер бар
Өзүнүн эби жоктугун байкуш мүчөсүнө жуктоп коюшат эркектер.
Психологиялык тараптан иштоо керек мүчөмдү чоон кылам деген мырзалар менен.”
Мына,кыздар.

Биз мырзаларыбызды кантип сүйдүртөбүз деп ойлонуп жатсак, алар болсо бизди кантип ыраазы кылабыз деп баштары катат экен.
Эркек менен аялдын ой-жүгүртүүсү эки бөлөк болсо дагы, экөөнү тең психологиялык жардам, маалымат, билим керек экенин түшүндүм