Кытайда мектеп окуучусу кыялындагыдай көрүнүшкө жетүү үчүн 100гө жакын пластикалык операция жасаткан.

16 жаштагы Чжоу Чуна (Чжоу Чуна) пластикке көз каранды болгон эң жаш кытай кызы.  Ал  үч жыл аралыгында келбетин  куурчакка окшоштуруп  бетин өзгөрттү.

Чун мындай кадамга баруусунун себебин, жүзүндөгү табигый кемчиликтер жана классташтарынын кысымы менен түшүндүрөт. Мектеп окуучусунун айтымында, анын көздөрү өтө эле кичинекей, ал эми муруну, тескерисинче  чоң болгон.

13 жашынан бери пластикалык хирургдардын туруктуу кардары болуп келген өспүрүм кызга, ринопластика жасалып, көздөрү жана төшү, эриндери чоңойтулган. Мунун баары үчүн анын ата-энесине 620 миң доллар төлөөгө туура келген.