Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу учурунда коррупция фактысы боюнча Жогорку соттун төрайымы Калиевага карата кылмыш иши козголгон.

УКМКдан билдиришкендей, Гүлбара Калиева жана Бишкектин Свердлов райондук сотунун экс-төрагасы И.Ж.Б.га карата кылмыш иши боюнча дагы бир сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы соттук корпустун төрагалары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктаган.

Бийликтин сот бутагынын айрым өкүлдөрү жеке кастык мамилесинен улам кээ бир судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу максатында интернет тармагына кадыр-баркка шек келтирген видео материалдарды таркаткан.

2020-жылдын февраль айында Свердлов райондук судьясы, прокурор жана соттолуучунун катышуусунда сот отурумунун видео материалы интернетке тарап кеткен. Анда сот менен соттолуучунун ортосунда талаш-тартыш жаралып, соцтармактын колдонуучулары тарабынан сот бийлигине терс реакция жаралган.

Тараган видео материал боюнча Жогорку соттун төрайымы Калиева тарабынан Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына аталган судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш киргизилип, эскертүү берилген.

Кызматтык териштирүү учурунда аталган окуяга Свердлов райондук сотунун экс-төрагасы И.Ж.Б.нын тиешеси бар экендиги аныкталган. Ал өзүнүн иш бөлмөсүндө кызматтык компьютердин мониторунан жогоруда айтылган соттук отурумду чөнтөк телефонго тарткан.

Мындан сырткары, И.Ж.Б. соттук отурумунун видеосун тартканда жеке кастык мамиледе болгон судьяны жаман көрсөтүү максатында соттолуучунун кайым айткан жерлеринде үндү басаңдатып турган.

Жогорку сотунун төрайымы Калиева И.Ж.Б.ны жоопкерчиликке тартууга багытталган мыйзамдуу чараларды көрүүнүн ордуна аталган фактыны жана кызматтык иликтөөнүн натыйжаларын жашырган.

Чогултулган материалдардын негизинде 2021-жылдын 3-февралында Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.