Журналист Кубанычбек Сейдалиев Өкмөт башчысы Улукбек Мариповдун «Баткендеги Төртгүл суу сактагычына куйган каналдын башатын алдырып коюптурбуз» деген пикири тууралуу Facebook  социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй макала жазып чыкты:
«Кудай жалгасын. ПМ айткан Төртгүл суу сактагычына куйган каналдын башаты кыргыздыкы эле бойдон турганына ишенгем. Болгону чек ара көйгөйүн билбей чоңойгон У. Мариповдун Баткен элин уйгу-туйгу ойго салган алешем сөзүнө катуу кыжырдандым.
Чек аранын канчалык чиеленишкен өтө оор экенин, Баткен, Кадамжай, Лейлек эли жанын оозуна тиштеп мекенибиздин ар бир метр жерин кантип кайтарып келе жатканын жаңы ПМди тез арада чакырып көрсөтүп, тааныштырып койбосок, мындан кийин деле тилинен жаңылып «саткын ойлорго» жетеленип кетиши ыктымал.
Баткен облусунун эли мекендин чегин чек арачы солдаттай эле кайтарып келе жатат. Суунун башы мындай турсун, кошуналарга сайдагы ташын да карматпайт, жайытына малын айдатпайт, бир тал чөбүн жалматпайт.
Кошуналар баш көтөрсө, биздикилер таш көтөрүп тап берип турат. «Тарс» эткен үн чыкса, жаш балдарын обочороок үйгө жаткырып коюп, колуна айры, күрөгүн алып, түнү бою чекти кайтарып жатышат.
Аманат жанын аяшпай, турмуштун оордугун унчукпай көтөрүп келатышат. Баткен эли ушинтип жашоо үчүн күрөшөт. Чиновник түспөлдөнгөн немелер мына ушунун баарын билбей туруп, оюна келгенди оттой бергенде күйбөгөн жериң күл болот экен.
Улукбек Марипов Баткенге барып, кечээги сөзү үчүн элден кечирим сурасын. Анан Бишкектеги жылуу кабинетинде отуруп иштей берсин. Чек араны буга чейин да өзүбүз эле кайтарып келгенбиз, дагы да кайтара беребиз!
Өкмөттө Баткенден бир да министр жок экенин айтып эле койгонубуз болбосо, баткендиктер бийлик үчүн күрөшпөйт деле экенбиз. Анткени, бизге бийликтен да чек арада бир метр жер үчүн, бир арык суу үчүн күрөш маанилүү», — дейт Сейдалиев.