Бүгүн Мигранттардын кесиптик бирлигинин мүчөлөрү жана «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун активистери үчүн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылында миграцияга чейинки окутуу жана кесиптик бирликти уюштуруу боюнча семинар өткөрүлдү.
30дан ашуун катышуучулар Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамындагы өзгөрүүлөрдү, миграциялык каттоодогу көйгөйлөрдү, COVID-19 пандемиясына байланыштуу каттоону узартуу боюнча акыркы жарлыктарды жана эң негизгиси, эмгек укуктарын коргоо механизмдерин интерактивдүү түрдө талкуулашты.
Бул иш-чара «Центр Солидарности» колдоосу менен уюштурулуп, Мигранттардын Кесиптик Бирлиги жана «Инсан-Лейлек» коомдук фонду тарабынан өткөрүлүүдө.