Жума күнү күндүз өлкө боюнча күн ачык болот. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12…+17, Таласта +13…+18, Ысык-Көл өрөөнүндө +3…+8, Нарын жергесинде 0…-5 градус болору кабарланды.

Күндүн табы Бишкекте +14…+16, Ош шаарында +15…+17 градус болот.