«Айыл чарбасын каржылоо — 9» долбоорун ишке ашыруу башталганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

«Аталган чечим жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү ишке ашыруу жана айыл чарба субъектилерин өз учурунда каржылоо максатында кабыл алынды. Долбоордун максаттуу тармактары болуп мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Долбоор алкагында тармактарга жараша жылына 6, 8 жана 10 пайыз өлчөмүндөгү пайдалуу коюмдар менен беш жылга чейинки мөөнөткө насыя берүү каралган.

Эскерте кетсек, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жолго салуу максатында өкмөттүн «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору 2013-жылдан бери иштеп келет.
Былтыр «Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоорунун алкагында элеттеги дыйкандарга жана ишкерлерге жалпы суммасы 3 миллиард 765 миллион сомдук жеңилдетилген насыя берилген.