Бишкектин айрым аймактарында жума күнү, 5-февралда, жарык өчөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
9:00дөн 14:00гө чейин — 5-кичи райондо (№10, 10/1, 16, 16/1 үйлөр);
9:00дөн 17:00гө чейин — Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жатаканасы менен морфокорпусунда, Ден Сяопин проспектисинин бир бөлүгүндө, Власов жана 9-январь көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
9:30дан 12:00гө чейин — Марат, Кузбасский, Тимур Фрунзе, Калужский, Лущихин жана Черноморский көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
9:30дан 17:00гө чейин — Буденный жана Салиева көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
9:30дан 18:00гө чейин — Ак-Босого (Чүй, 20-23 көчөлөрү) конушу;
9:40тан 14:00гө чейин — Эркиндик проспектиси, Боталиев, Щербаков жана Дзержинский көчөлөрү менен чектешкен аймакта;
10:00дөн 15:00гө чейин — Жибек жолу проспектисинин бир бөлүгүндө, Айтматов, Древесной, Осмонкул, Тыныстанов, Тургенев, Мичурин көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Өзгөн жана Александровский туюк көчөлөрүндө;
10:00дөн 17:00гө чейин — 5-кичи райондо (№ 42-46, 55, 56 үйлөр, №71 бала бакча);
12:00дөн 17:00гө чейин — Аул, Хвойный, Кожевенный көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө.