Бишкекте алдамчылыктан жабыркагандар шаардык соттун имаратына митингге чыгышты. Алар сот алардын иши боюнча кармалган шектүү Таабылды уул Азаматтын баш коргоо чарасын өзгөртүп, СИЗОдон бошотуп жибериши мүмкүн деп чочулашат.

—“Бүгүн сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызды карап жатат. Соттолуучунун туугандары прокурорлор менен келишим түздү деп эсептейбиз. Эркиндикке чыккандан кийин, Таабылды уулу Азамат издөөдө жүргөн шеригине окшоп качып кетиши мүмкүн деп коркобуз”, — дешет алар.

Эскерте кетсек, буга чейин жабырлануучулардын адвокаты Анатолий Сафонов ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго жана көзөмөл органынын башчысы Курманкул Зулушевге кайрылган. Кылмышка шектүүнү камактан бошотуу өтүнүчү менен кайрылган Октябрь райондук прокурорунун орун басары Алтынбек Айдаровдун аракетине баа берүүнү өтүнгөн.