Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу алкагында Өкмөт башчылар ар кыл тармактагы кыргыз-белорусь кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, эки өлкөнүн экономикалык потенциалын кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады жана эл кызыкчылыгын аркалаган ишиндеги ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчылар жакынкы арада Бишкек шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-белорусь өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын X кеңешмесин жана Ишкер форумун өткөрүүнү макулдашты.