2021-жылдын 4-февраль күнү саат 11:45 чамасында Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө, Өзгөн РИИБдин милициянын участкалык уполномоченныйы, милициянын ага лейтенанты А.Алиев өзүнүн жарандарга таркаткан визиткасы боюнча уюлдук телефонуна 0777ххххх34 сандуу номерин колдонгон жаран чалып, Өзгөн районунун Кароол айыл аймагына караштуу Шералы айылынын Кара-Дарыя көпүрөсүндө, белгисиз атуул жипке асынып өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасап жаткандыгы жөнүндө кабарлагандыгын билдирген. Ошол  замат милициянын участкалык уполномоченныйы  А.Алиев окуя болгон Шералы айылынын Кара-Дарыя көпүрөсүнө ыкчам жетип барган. Барган учурда өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган Өзгөн районунун Кароол айыл аймагына караштуу Шералы айылынын тургуну, 40 жаштагы жаран К.К.З аркан жипке моюнунан асылып турган абалда турганын көрүп, тездик менен аркан жипти чыгарып алгачкы медициналык жардам көрсөткөндүгүнүн натыйжасында, ал адам тирүү калган.

Бул окуя боюнча Өзгөн РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, бул жаран эмне себептен ошондой кадамга баргандыгын тактоо боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Жабырлануучу учурда Өзгөн шаарындагы  бейтапканада дарыланууда. Абалы жакшы.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы