Шашылыш билдирүү: 8-10-февралдарда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы болжолдонууда. 8-февралда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-9-февралдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
9-февралда зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү жүрөт. Мындай туруксуз аба ырайы, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.