Кайдыгер карабаңыз, боорукер элим!

Кейиштүү тагдырда күн өткөрсө да, энеге болгон камкордугун, бир тууганга болгон мээримин, балага болгон сүйүүсүн, келечекке болгон үмүтүн өчүрбөгөн Кубанычбек байке жөнүндө айылдаштары бизди кабардар кылышты.

Кубаныч байке 47 жашта, 4 баланын атасы. Келинчеги 5 жыл мурун таштап кеткен боюнча кайрылган эмес. Улуу баласы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, ар убак жанында. Калган 3 баласы балдар үйүндө. Балдары менен биргеликте болууга жашоо-шарты өтө начар болгондуктан 3 баласы убактылуу балдар үйүндө тарбияланып, билим алышууда. Апасы менен карындашы психикалык жактан оорулуу, байкенин карамагында. Үч майыпты багуу менен алпурушкан Кубан байке айыл ичинде кара жумушчу болуп жалданып иштей калып, бир аз азык-түлүк таап келип, кичинекей кепечеде күн кечирет.

» Апам менен карындашымды Чым-Коргонго өткөзүп салуумду айылдаштарым сунушташат, бирок менин ага дитим барбайт. Аларды андай жерге ыраа көрбөйм. Кыйналсам да жанымда болсо дейм. Кудайым буйруп үйлүү болуп калсам, эне мээрими жок өсүп жаткан уулдарымды алып келип өз кучагыма кысып, ата мээримин төгүп өзүм тарбияласам деген кыялдарым бар. Балдарымды абдан сагынам,»- деп көзүнө жаш алат жүзүнө муңайым толгон, уулдарына куса болгон ата.

Эгер ушул агабыз үйлүү болуп калса, апасы таштап кеткен 4 бала балдар үйүнөн үйүнө кайтышып, атасынын мээримине бөлөнүп өсүп, бир-туугандардын башы бирикмек. Бир адамдын келечекке болгон ишеними артып, жакшы жашоого болгон аракети арбымак.

Урматтуу боорукер элим!!!

Сиздерден терең өтүнүч, ушул агабызга колдон келген аракетибизди кылып, жардамыбызды берип, 50 сомдон болсо да чогултуп, 3 бөлмөлүү үй салганга аракет кылалы. Тамчыдан көл куралыптыр. Бир кирпич болсо да кайдыгер карабастан салым кошуп, балдардын атасы менен чоңоюсуна себепкер бололу!!!

0709 777077; 0709 159945

Элсом: 0709 777077

О-деньги 0709777077 (бирдик кылып салсаңыз болот)