2021-жылдын 5-февраль күнү Россиянын ИИМдин Москва облусунун Красногорск шаардык округунун башкармалыгынын полиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү менен биргеликте 24 жаштагы Р.А.га бычак менен кол салган шектүү И.Р. аттуу жаранды кармашты.

Кармалган жаран Россиянын ИИМдин Москва облусунун Красногорск шаардык округунун башкармалыгынын полиция бөлүмүнө жеткирилип, бул кылмыш ишин жасагандыгын мойнуна алып, бул кылмыш ишин жасоого кызганыч себеп болгонун билдирген. Шектүү Кыргыз Республикасынын жараны 23 жаштагы И.Р. болот.
Азыркы учурда зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүүдө.
Эске салабыз, 2021-жылдын 2-февраль күнү болжол менен 15:28 чамасында Москва облусунун Павшинск бульвар көчөсүнүн №12 үйүнүн аймагында белгисиз жаран 24 жаштагы жаранга кол салган.
24 жаштагы Р.А. Кыргызстандын жараны болот жана учурда ооруканада. Абалы туруктуу.

Бул факты боюнча Россиянын ИИМдин Москва облусунун Красногорск шаардык округу боюнча Тергөө башкармалыгы Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси (Курал катары колдонулган куралдарды жана предметтерди пайдалануу менен жасалган денеге атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш ишин козгогон.

ИИМдин Басма сөз кызматы