Бишкекте шаар көчөлөрүн гүл отургузуп кооздоого камылга көрүлө баштады. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, январь айында “Бишкекзеленхоз” ишканасынын атайын күнөсканаларында түрдүү бир жылдык гүлдөрдүн үрөнү себилген. Азыр алардын баары көчөт болуп, отургузууга даярдалууда.

Апрель айынын орто ченинде алгач Жеңиш аянты кооздолот. Биринчи этапта 400 миң көчөт отургузулат.

Жалпысынан быйыл жазында борбор калаанын жашылдандыруу чарбасы шаардагы төрт районго 1 миллион 400 миң гүлдүн көчөтүн отургузууну пландоодо.