Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Сабиров Равшанбек Азатович Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 3-февралда Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, бир нече өкмөт мүчөлөрү ээлеген кызматынан бошотулган. Анда Равшанбек Сабиров вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулган.