Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Бөрү айылынын тургуну О.Ж. бир баш улар канаттуусун сатуу максатында атып келген жеринен кармалды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

—«Тиешелүү уруксат кагаздары жок, мыйзамсыз аң уулоого чыгып, бир баш улар канаттуусун аткандыгы үчүн О.Ж`га жалпысынан 18 миң 500 сом айып салынды», — деп жазылат маалыматта.