Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге Германиядан операция жасалат. Бул тууралуу анын жакындарына таянып жергиликтүү ЖМКда жарыяланууда.

Ташиев өзү да бул тууралуу Фейсбук баракчасына төмөнкүдөй билдирүү жазган.

«- Мен 06.02.эртең менен дарыланууга чет жакка бара жатам, себеби биздин врач профессор Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен барууга мажбур болуп турам. Менин артымдан ар түрдүү сөздөрдү айтпастан дуба кылып туруңуздар, мен силердин жардамыңарга муктажмын, буюрса баары жакшы болот. Элибиздин келечеги үчүн бүт өмүрүмдү арноого милдеттүүмүн» — дейт Камчыбек Ташиев.