Баткен облусунун Ак-Сай айылынын Кайырма каналы жана Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча бир канча маселелер каралып жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов социалдык тармактар аркылуу билдирди.

— Мен акыркы убактарда айрым күчтөр туура эмес багытка бурушту.  Баткен облусунун Ак-Сай айылынын Кайырма каналы тууралуу пикиримди башка нукта бурмалашты. Учурда Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча бир канча маселе каралып жатат. Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менин оюмду жакшы түшүнөт. Мен өзүм дагы Баткенде иштеп, жашап келгем. Эли күчүрмөн, чек арада чеп болуп жашап келишет. Абдан кыйын эле. Чек ара маселеси боюнча дагы президет баш болуп багытта жакшы иштерди баштайбыз. Жакында коңшу мамлекеттер менен бир канча маселелер чечилди. Казакстандын Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катыштым. Ал учурдан пайдаланып Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолуктум. Бир канча маселени талкуулап, өлкөнүн пайдасына чечилди десем болот. Буюрса жакшы пландар ишке ашат деген ойдомун», – деди Марипов.