Алдыдагы муфтий шайлоого байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын айланасында ызы-чуу күч алды.

Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев муфтий Максат ажы Токтомушевди матрудий акыйдасын бурмалап, салафизмдин кооптуу идеяларын жайылтууда деп, аны токтоосуз кызматтан алуу демилгесин көтөрдү.

Ошондой эле ал былтыр үзгүлтүккө учураган ажылыктын айынан зыяратчылардан чогултулган 15 млн. долларга чукул акчанын отчету берилбей жатканын билдирди. Андан мурун бир аял жер тилкесин сатып, акчасын алдап, бербей жаткан адамга муфтий ортого түшкөнүн айтып, бул кыңыр иште ал жана башка таасирдүү адамдар турганын жарыялаган.

Муфтий Максат ажы Токтомушев мунун бардыгы алдыдагы шайлоого байланыштуу жалаа экенин, коюлуп жаткан ар бир дооматты четке кагып, бул боюнча өзүнүн жообун берээрин билдирди.

Булак: NazarNews.kg