«Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү, мультимиллиардер Билл Гейтс коронавирус пандемиясынан кийин адамзат кез келе турган коркунучтуу эки жагдайды атады. Бул тууралуу  америкалык басылмалар жазышты.  

Билл Гейтстин айтымында, пандемиядан кийин адамзат климаттык өзгөрүү жана биотеррорчулуктан жабыр тартышы ыктымал.

«Адамзат кез келген эки жагдайдын бири климаттык өзгөрүү. Мындай абалга дүйнө жүзү азырынча даяр эмес. Бул фактордун таасиринде адамдын өлүмү пандемияга салыштырмалуу көп катталышы мүмкүн. Ал эми экинчи жагдай биотеррорчулук. Мында кимдир бирөө адамдарга залал келтирүүнү кааласа, ал үчүн вирус ойлоп табышы ыктымал. Бул жагдай адамзатка чоң зыян келтириши мүмкүн», — деген Билл Гейтс.