КР Ички иштер министрлигинин кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 7-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жана ИИМдин ИИК менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү («Пара талап кылуу») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, Чүй облусунан акча каражатын алып жаткан учурунда Москва райондук РИББ өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчүсү Ж.Э.А. кармалды.

Такталгандай, кармалган адам сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруу үчүн жарандан акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

Кармалган Ж.Э.А. кызматтык бөлмөсүн тинтүүнүн жыйынтыгында мурун пара катары алынган каражаттын бир бөлүгү табылып алынды.

Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.