Акыркы убакта көпчүлүк сууну көп өлчөмдө ичүү керек деген пикирде. Бирок ар бир дарыгер күнүнө 2 литр сууну ичүү жетиштүү экенин айтат. Ал эми ашыкча суу адамдын бөйрөгүнө күч келтирет экен.
Суу ичкен кезде эң маанилүүсү анын өлчөмү эмес, иче турган убакыты.
Ойгонгондон кийин дароо 2 стакан суу ичсеңиз, ички организмдердин баардыгынын жумушун жакшыртууга жардам берет.
Ал эми уктаардын алдында 1 стакан суу ичсеңиз, уйкуңуз тынч болот. Ошону менен катар жүрөгүңүзгө салмак аз түшүп, бутуңуздун тартылып, тырышуусун алдын алат.
Ошондой эле, тамактануудан 30 мүнөт мурда бир стакан суу ичүү керек. Анда зат алмашуу ылдамдап, тамакты сиңирүү организмдин жумушун иреттейт.
Ваннага түшөрдүн алдында бир стакан суу ичүү аркылуу артериялык кан басымын төмөндөтө аласыз.
Эгер аталган эрежени адатка айлантып алсаңыз, уктап жатып жүрөктүн кармап калуусун 95 пайызга төмөндөтүүгө болот.