Бүгүн, 8-февралда 2020-жылдагы иш-аракетинин жыйынтыктары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан  кабарлады.

Коллегиянын ишине Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, коллегия мүчөлөрү, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн начальниктери, аймактык салык органдарынын жетекчилери катышты.

Коллегиянын отурумунда салыктык тескеп-башкаруунун бир катар актуалдуу маселелери каралды.

Анын ичинде 2020-жылы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды өндүрүү, Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу боюнча салык кызматынын ишинин жыйынтыгы чыгарылды.

Ошондой эле салыктык (көчмө, камералдык) текшерүүлөрдү жүргүзүү, атайын салык режимдери боюнча салыктарды башкаруу, 2020-жылдагы карата салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды өндүрүүдөгү сот иштеринин абалы боюнча аймактык салык органдарынын ишинин жыйынтыктары каралды.

Салык кызматынын жетекчиси Кабыл Абдалиев коллегия жыйынын жүрүшүндө 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча фискалдык органдын ишиндеги негизги жетишкендиктер жана көйгөйлөр тууралуу кыскача айтып берип, 2021-жылда чечиле турган маселелерге токтолду.

 

Ал 2020-жылы салык кызматы республикалык бюджетке 62 млрд 958 млн сом салык чогултканын айтты. Коюлган план 100,2 %га аткарылган же 107,3 млн сомго ашыкча жыйналган. 2019-жылга салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 324,7 млн сомго көбөйгөн.

Салыктар боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруу бир катар факторлор аркылуу ишке ашты. Атап айтканда, 2020-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргизилген «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун долбоорлору, анын ичинде электрондук счет-фактуралар да өзүнүн жыйынтыктарын беришти. Мындан тышкары, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашуу алкагында кыйыр салыктарды башкаруу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, 2020-жылы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 33 млрд 190,8 млн сомду түзгөн. Жеткирилген план 100,5 % га аткарылган же 163 млн сомго ашыкча жыйналган.

 

2019-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 766,1 млн сомго көп чогултулган.

Салык кызматынын башчысы белгилегендей, салык кызматынын алдында 2021-жылга карата салыктарды 96,7 млрд сом жана камсыздандыруу төгүмдөрүн 38,2 млрд сом суммасында жыйноо боюнча амбициялуу милдет турат. Ошону менен бирге салыктар боюнча өсүү темпи 125,6 %ды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 115 %ды түзөт.

“Салык органдары салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноодо болжолдуу көрсөткүчтөрдү толук көлөмдө аткаруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн болгон күч-аракеттерин жумшоого жана толук көлөмдө аткарууга тийиш”, – деди К.Абдалиев.

Салык кызматынын жетекчиси коллегиянын отурумунун күн тартибинде коюлган ар бир маселе боюнча тигил же бул коюлган милдеттерди так аткарбаган жана иштин төмөндөөсүнө жол берген аймактык салык органдарынын начальниктерин бирден жооп алды.

 

Тактап айтканда, салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызды өндүрүү жана кыскартуу канааттандырарлык эмес деңгээлде болгону, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн, анын ичинде рейддик иш-чаралардын жергиликтүү бийлик органдары жана башка мамлекеттик органдар менен салыктарды башкаруу маселеси боюнча өз ара аракеттенүүлөрдүн сапатынын төмөндүгү болгону белгиленди.

Өзүнүн кызматтык милдеттерине шалаакы мамиле кылган салык органдарынын начальниктерине карата эң катуу чаралар көрүлөөрүн, ээлеген кызматынан бошотууга чейин бараарын, ал эми зарыл болгон учурларда тийиштүү материалдар укук коргоо органдарына берилээрин Салык кызматынын жетекчиси эскертти.

Салык кызматы 2021-жылы республиканын бардык аймагын камтуу үчүн салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын оптималдуу топтому менен сервистик борборлор системасын андан ары өнүктүрүү, Салык кызматынын түзүмдүк бөлүктөрү менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы электрондук документ жүгүртүү чөйрөсүн кеңейтүү, салык төлөөчүлөр менен ыкчам байланыш системасын өнүктүрүү, анын ичинде салык төлөөчүлөргө салык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана салыктык жол-жоболор жөнүндө өз убагында маалымдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун үстүндө иштейт.

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, салыктык жол-жоболорду оптималдаштыруу жана электрондук түрдө салык отчетторун берген салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кыскартуу жана өндүрүү, коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча жана салык органдарынын кызматкерлери тарабынан этика ченемдерин сактоону камсыз кылуунун үстүндө иштер улантылат.

Ошондой эле, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу компоненттерин сапаттуу жана өз учурунда киргизүү жаатында иштер жүргүзүлөт. Айрыкча, 2021-жылдын 1-апрелинен тартып программалык (виртуалдык) контролдук-кассалык машиналар киргизилет, ошондой эле санариптик идентификациялоо каражаттары менен тамеки жана алкоголдук продукцияларды милдеттүү түрдө маркалоо иштери башталат.