Бүгүн, 2021-жылдын 8-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков ИИМдин Коомдук кеңешинин жаңы курамындагы биринчи жыйынына катышты. Иш-чара ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында өттү.

Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Коомдук кеңештин мүчөлөрүнө күбөлүктөрдү тапшырып, аларга ИИМдин алдындагы Коомдук кеңештин курамында иштөөгө даяр экендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.
“Биздин Коомдук кеңеш калк менен тыгыз байланышууну камсыздап, ИИМдин бардык багыттары боюнча маселелерди көтөрүп, өз иштерин жогорку деңгээлде көрсөтө алды. Социалдык маселелерди жакшы көтөрдүңүздөр, мамлекеттик маанилүү иш-чараларда милициянын аткарган иштерин коомчулукка жогорку деңгээлде жеткире алдыңыздар. Кайсы багытта иш алып барбаңыздар, көптөгөн ийгиликтерге жетиштиңиздер”,-деди Сүйүн Өмүрзаков
Андан соң, ачык добуш берүү менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы болуп кайрадан Ялкун Даутов, анын орун басары катары Каана Айдаркул менен Бианки Маралбу дайындалды.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков кеңештин жаңы курамы укук коргоо органдарынын чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди чечүүдө жарандарга жардам берет деп баса белгиледи.
“Биздин бирдиктүү ишибиз өнөктөштүк жана ишенимдүү негизде жүрүүдө. Ички иштер министрлиги ачык-айкындуулук принцибин карманат. Ошондуктан, учурда иштеп жаткан мыйзамдын айкагында натыйжалуу жана жемиштүү кызматташууга бел байлашыбыз керек”,-деди Сүйүн Өмүрзаков.
Кеңештин кайрадан шайланган мүчөлөрүнүн көбү мурдагы курамда иштеп кеткен.
Жаңы жүздөр- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча
мамлекеттик инспекциясынын IT-адиси/түзүүчүсү Джунушалиев Кумархан, “SF BUILDING” курулуш компаниясынын юристи Абдылдаев Жаныбек Кубанычбекович, “Фронтиэрс” ЖЧК КККнын өкүлү Жумалиева Чинара Иманбердиевна.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин курамы:
-Төрагасы- Даутов Ялкун Умержанович;
-Төраганын орун басарлары-Каана Айдаркул менен Бианки Маралбу;
— Касмамбетова Чинара Сапарбековна — «Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин директору;
Семембаева Айгуль Асылбековна-Кыргыз Республикасынын Соода-сатык палатасына караштуу Эл аралык третей сотунун арбитри;
— Эратов Искендер Тажибаевич-КОСУнун ага окутуучусу, юридика илимдеринин кандидаты, юрист;
— Байгубатова Уулкан Жумашевна-Солдаттардын энелери республикалык комитетинин төрайымы;
-Алыбаев Таалайбек Джуманазарович- “Мыйзамдуулук жана адилетүүлүк” Коррупцияга каршы комиссия коомдук уюмунун башкаруусунун төрагасы, юрист-эксперт;
-Бардыбаев Айбек Суюнбекович- “Ала-ТВ” ЖЧКнын юристи;
— Зеличенко Александр –“Баңгисаясаты боюнча Борбор Азиядагы борбору” коомдук фондунун директору, тарых илимдеринин кандидаты;
-Кочкарова Эристина Азрет-Алиевна -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу КМЮАнын Илимий ишмердүүлүктү уюштуруу жана инновациялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы;
— Фудашкин Виталий Анатольевич-“Глобалдуу изилдөөлөрдүн эл аралык институту” коомдук уюмунун президенти;
-Джунушалиев Кумархан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча
мамлекеттик инспекциясынын IT-адиси/түзүүчүсү;
— Абдылдаев Жаныбек Кубанычбекович «SF BUILDING» курулуш компаниясынын юристи;
-Жумалиева Чинара Иманбердиевна «Фронтиэрс» ЖЧК КККнын өкүлү.

ИИМдин Басма сөз кызматы