Борбор шаарда жашаган чоң бизнесмен жигит түштөнүүгө үйүнө келип, кызы менен уулунун чатагына күбө болду. Дарбазаны ачып кирер менен кызынын кызарган жүзүн көрдү, баласы башын жерге салып олтурат.

– Эмне болду силерге?

– Ата кечеги сиз алып берген миң сомдук оюнчукту, уулуңуз бүгүн бир байкуш балага берип коюптур. Бул акча турат, кайра алып кел десем тултуюп унчукпай койду, – деп чаңкилдеди.

Атасы эми уулун чакырып сурады:

– Уулум сени ойносун деп сатып бербедим беле, эмне жакпай калдыбы?

– Рахмат, ата, мага жакты, ал балага да жакты. Бирок анын эч оюнчугу жок экен, атасы да жок экен, – деп жооп берди баласы.

– Анда баарын тарат, – деди эжеси кекетип. Уулу өзүн күнөөлүү сезип, мелтиреп унчукпады. Жигит көпкө ойлонду. Акырында уулума сабак болсун, мени багып чоңойткон Бейшен агамдыкына алпарып таштайын эки-үч күнгө, алар итке минген кедей да, бечаралар кантип жашаганын көрсүн, акылына келсин деп ойлоду. Аялына айтса, өзүң бил дегенсип унчукпады. Кызына аябай ыраазы болду, мамасынын схваткасы бар, тыкан, бүйрө чычканга кебек алдырбайт деп.

Ошентип эртеси эле өзү жетим калганда беш баласына кошуп багып чоңойткон агасыныкына алып жөнөдү. Жолду ката баласынын айланага суктанып, чий эмне, четин жемиш түйөбү деп берген суроолоруна жооп берип, озү да айылды сагынганын сезди. Суу жээгинде өскөн кырчын талдарга суктанып, чогуу окуган бакыраң көз, тал чыбыктай ийилген классташын да эстеди. Томпойгон кыска бойлуу шакылдаган келинчегине салыштырып улутунуп алды. Кызыл-тазыл болуп өскөн жар боорундагы гүлдөр дагы айдарым желге термелишип, баласы менен келе жаткан Кудайбердиге келе жатасыңбы дегенсишип жылмая баш ийкешет. Айылга жеткиче баласы экөө булактан суу ичишип, көк чөпкө оонап эс алышып көңүлдүү келишти. Агасынын үйүнө токтой бергенде кыйшайган керешкасын көрүп маанайы түштү. Агасынын уулу Кенжебекти, ичинен «шалкара» деп сөгүп алды. Агасы менен жеңеси чуркап тозуп чыгышты. Жети-сегиз тестиер балдар кыздар чурулдашып кооз машинаны таң калып тегеректешти. Жеңеси чыныдагы сууну башына айлантып жатканда да, машинамды чийип коюшпасын деп көңүлү кирдеп турду.

– Машинаны чийип коюшпасын, –  деп дайындап үйгө кирди.

Жеңеси балбалактап, жалынып жалбарып, сары майын томуруп, каймагын калпып, эмне берерин таппай жатты. Базарлык деп алып келген эки-үч килограм конфет, печеньесин учурашканы келген кошуналары менен неберелерине жей койгула деп чачып, алеки саатта жок кылды. Кенжебек аялы менен кой кайтарып жайлоодо экен.

– Беш айлык кызын бага ала турган эмесмин, улуу кызын жайлоого ала кетишти, биз жалаң мадыра баштар менен калдык. Улуу кызы менин кызым менен тең болсо он эки эле жашта турбайбы деп ойлоду Кудайберди. Көз жүгүртүп санаса мадыра баштан жетөө экен. Менден бир эле жыл мурда үйлөнгөн эле го. Тогуз балалуу турбайбы деп үрөйү учту. Чымырканып, үч күнгө баласын таштап шаарга жөнөдү. Кызыл жүздүү, беттери туурук балдар кыздардын арасына тез эле аралашып кеткен баласын, кыргыз тооктун жөжөлөрүнүн арасындагы инкубатордон чыккан алсыз сары жөжөгө окшоштурду.

Ошентип үч күндөн кийин алып кетем деген баласына, чогулуш, тренинг, бизнесмендер менен жолугушуу деп жүрүп, он күндөн кийин келип уулун тааныбай калды. Баласын чуркап келип мойнуман кучактап, “алып кет атаке” дейт деп ойлогон. Уулу агасынын неберелери катары эле колун сунуп

– Ассалоому алейкум атаке, – деп учурашты. Мурда эле өөп койчу уулум деп өптүрчү эле. Агасынын көзүнчө унчуга албады. Ак жумал өңү нурданып, кара торусунан тартып, беттери туурула түшкөн. Кудайберди, агасы союп мейман кылам деген козусун, шашып атам деп машинасына бөктөрө салып жөнөдү. Жуп чыгарда баласы чоң апасынын мойнунан кучактап бетинен өптү. – Максым куюп бериңиз, нянкама ала барып, максым жасаганды үйрөтөм, – деп күлдүрдү. Жолдо келе жатканда баласынан:

– Кана айтчы балам, айыл кандай экен, он күндүн ичинде эмнени көрдүң, эмнени түшүндүң? – деп сурады. Ал баласынан

– Оюнчук жок, телефон тартпайт экен, интернет жок, балмуздак сатылбайт экен, – деген жоопту күткөн. Бирок тогуз жашар баласы, ойдо жок нерсени айтты.

– Атаке сизди багып чоңойткон адамдар эң мыкты кишилер экен. Алар сизди абдан жакшы көрүшөт тура. Келген адамдарга Кукундун чоң ишкер болгонуна кубанабыз, жакшы адам болгонуна сыймыктанабыз. «Өчкөндөн тамган, өлгөндөн калган жалгызым» – деп айтышты. Чоң апам болсо аялдарга,

– Ыраматылык акем менен жеңем жакшы адамдар эле, өздөрү болсо Кукун мындан да зор адам болмок. Иши көп, эки-үч жылда бир кабар алып турат, мына быйыл баласын да алып келип таштады, эки кабат тамы бар, тикме ишканасы бар деп мактанды чоң апам.

– Ата биздин үйдө бассейн болсо, айылда шаркырап аккан суу бар экен. Тим эле таптаза, таштары кара, кызыл, ак болуп көрүнүп турат. Сууда тирүү балыктар сүзүп жүрөт. Ичсең мупмуздак ,эч хлор жыттанбайт.

Шаарда түнкү чырактар болсо, айылда ай менен жылдыздар жерге түшчүдөй жаркырап турат. Бизде телевизор, компьютор болсо, аларда жомок айтып берчү чоң апам бар экен. Апам сатып алып келген сүттөн көрө чоң апам сааган сүт даамду экен. Шофёруңуз сатып алып келген картошка, пияз, сабизди алар жерден казып алышат экен. Бизге сатып берген пирожныйдын оордуна чоң апам каймакка шекер кошуп умач кылып берди, абдан даамду экен, – деп тамшанды бала.

– Гүлдөр горшокто эмес талаада, суунун боюнда өздөрү эле өсө беришет экен, жыпжыттуу. Шаарда досторум жок, айылдан көп дос күттүм. Чоң атам тай миңгизди, атка учкаштырды, чоң апам жыгылып калбасын деп, чоң атам экөөбүздү байлаштырып койду, – деп кыткылыктап күлдү. Бир убакта атасын бекем кучактап, бетинен өөп

– Атаке каникул бүткүчө дагы бир жолу айылга алып келиңизчи, – деп жалооруй карады. Баласынын айткан сөздөрү атасын алыскы, унута баштаган балалык доорго алып жөнөдү. Агасы өзүнүн уулдарын урушуп иш кылдырып, аны аяп атына учкаштырып айылга ала кетчү учурун эстеди. Жеңесинин каймак калпып бергени, дайыма айылдан келгенде аны кичинекей деп, балдарына көргөзбөй момпосуй бекитип бергенин эстеди. Чоң эжеси жуундуруп, тырмактарын таптаза кылып алып бергени эсине түштү. Бир жолу да эжесинин жашоосуна кызыкпаганына уялды. Тай сатып, окуйм деген Кенжебекти эмес, өзүн окууга жөнөткөнүн эстеп, тамагы буулуп, ыйлагысы келди. Машинасын агын суунун жээгине токтотуп, тизесин кучактап, телмирип көпкө олтурду. Наристе баласынын ар бир айткан сөздөрү аны жаака чаап жаткандай болду. Өзүнүн көзүн ак чел басканын, ага-жеңесинин эмгегин баалабай, асмандан түшкөндөй болуп дардаңдап жүргөнүн эстеп, ичинен өзүн өзү сөктү. Тогуз баласы менен ата-энесин кошуп багып жаткан Кенжебекке жардам бербегенин, анын эскирип кыйшыйып калган керешкесине сынтакканын эстеп уурусу кармалгандай уялды.

Баласы көтөрүп келген максымды тамшана ичип,

– Эки-үч күндө чоң ата-апаңа, досторуңа белек алып алып, кайра айылга келебиз, – деп баласын бооруна кысып, күн жыттанган көкүлүнөн өптү. Он күндүн ичинде сен дечү уулу, сиз дегенге үйрөнгөнү үчүн ага-жеңесинин бутуна жыгылгысы келди. Ар бир адам курчап турган чөйрөдөн таалим аларына ачык түшүндү. Машинага олтурарда, багажникти тепкилеген козуну көрүп, дагы өзүн өзү сөгүп

– Мен акмакмын мага эмне жетпейт? – деп күңкүлдөдү.

19.04.18. Кара-Көл шаары.

Автору Токтокан Чокоева

Сүрөт интернеттен алынды.