«Жардам берүү оңой » коомдук фонду Салтанат Саматова атындагы сыйлыкты негиздегенин билдирди.

Салтанат Саматова 2018-жылы 15-августта 46 жаш курагында дүйнө салды. Ал бир нече жыл бою рак менен күрөшкөн. Саматова көптөгөн радио жана телекөрсөтүү долбоорлорун, мамлекеттик деңгээлдеги ири иш-чараларды жетектеп, көптөгөн кыргызстандыктардын сүйүүсүнө жана таануусуна ээ болгон. 2012-жылдан бери КТРКда «Акыл Ордо» интеллектуалдык викторинасынын алып баруучусу болгон.

Саматова байкоочу кеңештин мүчөсү болгон фонд, бул сыйлык анын сиңирген эмгегин жана кайрымдуулук ишин өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен уюштурулгандыгын белгиледи. Анын катаалдарт менен күрөшүүсү көптөгөн онкологиялык оорулууларга дартка багынбоого жана өз дарты жөнүндө ачык айтуудан коркпоого түрткү берди.

Сыйлык биринчи жолу ушул жылдын апрель айында тапшырылат. Бул сыйлыкты рак оорусуна каршы күрөшүүгө чоң салым кошкон жана кайрымдуулук иштерине активдүү катышкан жарандар жана уюмдар алышат.

Талапкерлерди тандоонун принциптери:

  • универсалдуу мамиле;
  • артыкчылык Кыргызстандын катардагы жарандарына берилет;
  • эксперттик баа берүү;
  • маалыматтык ачыктык;
  • коомдук пикирди эске алуу.

Сыйлыктар үч категория боюнча тапшырылат:

  • «Жакшылык кылам» — өлкөдөгү соопчулукту жана кайрымдуулукту өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн;
  • «Чакырык» — ракка каршы профессионал катары күрөшкө кошкон өзгөчө салымы үчүн;
  • «Каршылык» — ракка каршы күрөшүүдөкоркпостугу жана коомдук мааниси бар ишмердиги үчүн (рак менен ооруган адамдарга берилет).

Сыйлык ээлерижеке жана юридикалык жактар ​​боло алышат. Бир адам бир гана категория боюнча сыйлык ала алат. Сыйлык тапшырылып жатканда, талапкер Кыргызстандын аймагында жашашы керек.

Сыйлыкка көрсөтүүнүталапкерлер өздөрү дагы, уюмдардын ишмердигин же конкреттүү адамдын жетишкендиктерин көрсөтүүнү каалаган үчүнчү жактар ​​дагы жүргүзө алышат. Документтер фондго 1-мартка чейин тапшырылышы керек. Андан кийин жеңүүчүлөр тастыкталат, сыйлыктар 30-апрелде тапшырылат.

Фонддун байланыштары: телефон — (0556) 40-04-00, электрондук почта дареги — pomogatlegkokg@gmail.com.