Кыргызстанда мамлекеттик ипотека 15-февралдан тарта бир пайызга түшөрүн Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Тиешелүү чечим акционерлердин жалпы чогулушунда кабыл алынган.

Компаниядан бир пайыздык төмөндөтүү 2019-жылдын 1-ноябрына чейин «Жеңилдик менен берилген ипотеканын» (бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлерине) алкагында болорун кабарлашты. Тагыраагы, жылдык чен 7-9 пайыздан 6-8 пайызга арзандайт. Ал каражат алган кишинин баштапкы берген суммасына жараша болот.

Компаниядан ипотекалык биринчи насыялар жылына 12-14 пайыз менен берилгендигин айтышты. Ал 2016-жылдан бери беш ирет түшкөн.

Пайыздык төлөмдөрдү арзандатуу Мамлекеттик ипотекалык компанияга тиешелүү экендигин айтышты.