Премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруудан өз арызынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда мэрияда өткөн жыйында белгилүү болду.

Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен борбор калаанын жаңы мэри шайланганга чейин шаар башчынын милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалды.

Нургазиев ушул эле күнү мэриянын аппаратына тааныштырылды. Буга чейин ал “Эмма строй” курулуш компаниясынын башкы директору болуп иштеп жатканы айтылды.