Пандемия мезгилинде  рецикулятор , аба тазалоочу буюмдар, колду тазалоочу санитайзерлер, аэропорттон өтүүчү дезинфекциялык туннелдерди жасап элге кызмат көрсөткөн, өзүбуздүн өңдүрүштү алдыга сүйрөгөн инсан,  ишкер Убай Маткасымов менен Kadam-media. kg  маалымат порталы  баарлаштык.

 

Ишкердикке алгачкы кадам

Негизи жашоодо » принцип алдын ала» дегенди колдонсок жемиштүү болот көп нерсе.  Мисалы 2017-жылы буйруса Кыргызстан санарип телекөрсөтүүлөргө өтөт деген кабарды эки жыл мурун угуп. Алдын ала ушул нерсеге даярдануу менен Кыргызстандыгы бизнесте импорт алмаштыруу кылса болот деген ой келген. Анан өзүбүздүн мүмкүнчүлүк , куч жеткенче антена чыгара баштаганбыз.

Башында бир кишинин антена жасап атканын көрүп эле, менде мындай сезим болгон. Өзүмө өзүм далилдегим келген, мен да мындай нерсени  жасай алсам болот, жасай аламын да депчи. Колумдан келди , 1-2 антены бирок аргиналдуу кылып сатып көрдүк. Кийин 5-6 дан сатылып  азыр толук чоң жетишкендиктерге жеттик десем болот. Башында күлчү мунунду ким алмак эле деп. Ал эми азыр өзүнчө Маткасымов Ассоциациясы болуп калды. Антена деген түшүнүк Кыргызстанда өзгөрүлдү. Канча киши шылдыңдаса да жок болбойт дегендерге токтоп калбастан аракет гана кылуу жетиштүү.

 Кыргызстанда карантин жарыяланганда

Ошол эле пандемия башталат деген кабарды укканда, Москвада жүргөн элем. Орусия ошондо эле даярдана баштаганы байкалган. Эгерде Кыргызстанда карантин жарыяланса кандай болот. Биз кантип алдын ала салым кошо алабыз деген ой келген. Анан өзүбүздүн колубуздан келген нерсени жасай баштадык. Рецикулятор , аба тазалоочу буюмдар, колду тазалоочу санитайзерлер, аэропорттон өтүчү дезинфекциялык туннелдер. Жасап даярдаган убакытта каратин болуп калды. А биз даярдангандай болуп калдык. Биздин даяр турганыбыз өлкөнүн экономикасына салымы чоң десем болот. Эгерде даярдык жок болгондо , импорттолуп башка өлкөдөн бир топ жогору суммада Орусиядан , Туркиядан же Казакстандан сатып алып калат эле. Кыргызстандан бир топ акча сыртка чыгып кетмек.

Казакстанга өзүбүздөн чыккан продукция жиберилет. Бул биз үчүн чоң жетишкендик десем болот. Анан башка да өлкөлөргө Таджикистанга, Орусияга экспорт кылганга аракет , сүйлөшүүлөрдүн үстүндөбүз.

 Ар бир адамдын бизнес кылганга шартты бар

Негизи эле ар бир адамдын бизнес кылганга шартты бар ,мүмкүнчүлүгү бар деп эсептеймин. Башында мен жөнөкөй эле базарда соода менен алектенчү элем. Ош шаарында 1990-жылы төрөлгөмүн  Учурда 3 балам бар.

Китеп окуу эң керектүү . Окуймун деп алган китептин эки барагын ачканда эле, пайда ала албасам баарын окуп чыккандан пайда көрбөйм. Окууган башка аны жашоодо пайдалануу такыр башка.

Менде мындай адат бар эле. Политех университетинин алдына барып алып, жаштарды байкап олтурат элем. Миңдеген жаштар максатсыз эле окуп атканы байкалат. Ушул жерде окуп жаткан жаштарга , мен кантип багыт бере алам, көргөзө алам. Жаштарды окууга кызыгуусун кантип жакшыртса болот деп көпгө ойго батат элем. Менин түшүнүгүмдө 10 эле киши керек болсо, мамлекетти өзгөртүп коет. Эгерде идеясы ,аракети , кадрларды туура тандай жактан мыкты болсо. А миңдеген жаштардын күчтүү идея менен биригүүсү , бир күчкө жыйнала турган болсо Кыргызстанды өзгөптүү ,өнүктүрүү деген. Бир нече айлардын ичинде боло турган иш деп айтсам болот. Эгерде чын эле ошончо жүргөн жаштардын оюу , максаты бар болсо.

Мамлекеттин өсүп өнүгүү жолунда себепчи инсан, максаттуу жаштардын көбөйүүсүнө себепчи инсан болгум келет. Аракет жасаймын.

Каарманыбыздын айтымында , компанияны атасынын фамилиясынан  «Маткасымов»  деп койгон.  Учурда компания 30 дан ашык адамды жумуш менен камсыздайт.  Аталган компания ушуну менен эле токтоп калбай, келечекте  дагы  кеңейтилип,жумуш орундарды көбөйтүүнүн үстүндө иштер жүргүзүлүүдө.

 

 Маектешкен Орозгүл Аташова