2020-жылы июлда учурулган “Тяньвен-1” зонду 10-февралдан кийин Кызыл Планетанын орбитасына чыгат. Ал орбитада тартылган алгачкы сүрөттү жөнөттү, деп билдирди @ hi-tech порталы.

Кытайдын Улуттук Космос Башкармасы (CNSA) жарыялаган ак-кара сүрөттө  Марстын геологиялык өзгөчөлүктөрү, анын ичинде Шкиапарелли кратери жана Валлес Маринерис, планетанын бетиндеги каньондордун кеңири бөлүгү көрсөтүлгөн.

Кадр Марстан болжол менен 2,2 миллион чакырым алыстыктан тартылган. Космос кемеси дагы 197 күн учуп, бир- эки айдан кийин марска  конуп, планетаны изилдей башташы керек.

«Тяньвэнь-1»  НАСАнын жаңы ровери менен бир учурда учурулган: КЭРдин иликтөөсү 2020-жылы 23-июлда, ал эми Perseverance 30-июлда башталган.

Эки космос кемеси тең планетанын геологиялык түзүлүшүн, үстүңкү катмарынын мүнөздөмөлөрүн жана Марста суу музунун таралышын изилдейт. Ошондой эле, алардын жардамы менен электромагниттик жана гравитациялык талаалардын өзгөчөлүктөрү изилденет. Бул Кызыл Планетанын климаты жөнүндө көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк берет.