Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиев аялга кол көтөргөн окуя боюнча  айтып берди.

Маалыматка ылайык, буга чейин мэр аялды уруп жиберген видео социалдык тармактарга тарап, коомдук талкуу жараткан. Өз кезегинде Нургазиев аялга кол көтөргөндүгүн тастыктап, өзү биринчи келип жыйында отурган жеринен аны чаап ийгендиктен, ага жооп кайтарганын билдирди.

“Бишкекте насыя берген өзүнчө топ бар, эгер төлөө мөөнөтүн бир аз кечиктирсе, үйүн алып коюп, ушул сыяктуу алдамчылык менен алектенишет. Ал аял ушул фирманын юристи болот. Ал биздин үлүшчүлөрдүн жыйыны өтүп жаткан жерге келип, сүйлөшүп жаткан учурда кокусунан мени чаап ийген. Мен да күтүүсүз жерден ага жооп катары чапкам. Муну телефонуна тартып алышкан экен», — деди Нургазиев.

Андан сырткары ал аял милицияга арыз менен кайрылган, бирок күбөлөр аял биринчи урганын тастыктап беришкенден кийин, иш жабылганын билдирди. Иш токтотулгандыгына карабастан ал даттанып келе жатат дейт ал.

Журналисттердин «эгер мэрияга дагы бир адам ачуусу менен келсе жинденип кайра дагы чаап ийбейсизби?» деген суроосуна окуя өзү үчүн күтүүсүз болгонун, мындай көрүнүш кайра кайталанбайт деп жооп берди.