Бул тууралуу биология илимдеринин доктору, Джордж Мейсон университетинин (АКШ) Системалык биология мектебинин профессору, Россия Илимдер академиясынын Медициналык генетикалык изилдөө борборунун башкы илимий кызматкери Анча Баранова РИА Новостиге  билдирди.

Илимпоздор вирустун жашоосуна үч фактор — температура, нымдуулук жана шамал таасир этерин аныкташкан.

« Нымдуулук аз болгон учурда күчтүү шамал тамчыларды кургатып, вирусту  « учуруп жиберет », айрыкча, жылуу, нымдуу, тынч аба ырайы вирустун жашоосуна өбөлгө түзөт. Бирок, жеңил шамал тынч аба ырайынан да жаман. Абанын кыймылы вирусту 2-3 метрге көтөрүп, жуккан адамдардын саны көбөйөт », — деп түшүндүрдү Баранова.

Буга чейин, Роспотребнадзордун Борбордук Эпидемиология Илимий Институтунун Клиникалык жана Аналитикалык Иш боюнча Директорунун орун басары Наталья Пшеничная кыштын аягында же эрте жазда коронавирус менен ооруган учурлар көбөйүп кетиши мүмкүн деп эскерткен. Анткени   бул  мезгилде  ОРВИнин күчөшүнө эң ыңгайлуу аба ырайы түзүлөөрү менен түшүндүргөн.