Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиевдин арты таза эместигинен улам иштен алды.

“Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес”,- деди президент.