Баткен облусунда өткөн жылы 14 саламаттыкты сактоо мекемеси курулуп, 24 тез жардам унаасы берилди . Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Баткен облусунун саламаттыкты сактоо тармагы жыл жыйынтыгын чыгарды. Облуста 2020-жылы жугуштуу оорулар,( бруцеллез оорусун эске албаганда) 2 эсеге азайган. Буга элдин пандемияга байланыштуу, өздүк гигиенаны жана санитардык талаптарды сактоосу себеп болгон. Ал эми жугуштуу эмес, кант диабети, жүрөк кан тамыр ж б оорулар жылдан жылга көбөйүүдө. Адистер анын себебин элдин сергек жашоого, туура тамактанууга маани бербей жаткандыгы менен түшүндүрүүдө.

Калкка медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык техникалык жактан камсыздоо максатында, республикалык бюджеттин жана инвесторлордун колдоосу менен, Баткен районунун Кара-Булак, Сай, Ак-Сай айылында, Кадамжай районунун Адыр, Өндүрүш, Чекелик, Ак-Кыя, Сухана айылында ФАП курулуп, пайдаланууга берилди.

Мындан сырткары Баткен облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имараты капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, жугуштуу оорулар бөлүмү катары ишке берилди.

Аны менен катар Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын жалпы дарыгерлер бөлүмүнө караштуу балдар бөлүмү жана дарылоо консультативдик бөлүмүнүн курулушу жүрдү. Учурда оорукананын эки кабаты курулуп, чатыры жабылды.

Ал эми Кадамжай районунда Өзбекстан республикасынын колдоосу менен 200 орунга ылайыкташкан жеңил конструкциядагы оорукана курулуп бүттү.

Лейлек районунун Коргон айылында жана Баткен районунун Орто-Боз айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттары курулуп, пайдаланууга берилди.

Саламаттыкты сактоо тармагынын тез жардам кызматынын ишин илгерилетүү максатында, Самаркандек айылына тез жардам бөлүмүнө имарат курулуп, облуска мамлекет тарабынан 13, демөөрчүлөр тарабынан 9 тез жардам унаалары берилген. Ошондой эле санавиация кызматын күчөтүү максатында 1 реанимобиль унаасы берилди.

Саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүнүн алкагында, онлайн кезеке туруу, онлайн каттоо кызматтары ишке кирди.

Белгилей кетсек жыл ичинде бул тармакка 93 медицина кызматкери жаңы келген, анын 21 жаңы бүтүрүүчүлөр. Жыл ичинде 44 дарыгер мамлекеттик депозит программасына тартылган. Бирок дагы деле 75 дарыгер жетишпейт.